Сурабалдиева Жапаровго Ташиевдердин дагы бизнесин текшерүүнү сунуштады. Видео

Эл өкүлү "атайын кызматтын башчысы жалган сүйлөп, ага жалаа жаап жатат" деген пикирин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнө таандык бизнести дагы текшерүүнү сунуштады.
Эл өкүлү атайын кызматтын башчысы жалган сүйлөп, ага жалаа жаап жатат деген пикирин айтты.

"Акылбек Үсөнбекович (Жапаров ред.), УКМК төрагасы сиздин орун басарыңыз да, ушундай сөздөр айтылгандан кийин Сурабалдиевалар менен Ташиевдердин үй-бүлөсү байлыгын каяктан чогултканын текшерткенге даярсызбы? Комиссияга депутаттарды жана өкмөт мүчөлөрүн киргизели. Келгиле, көрөлү, ким канча салык төлөйт, ким кантип байыган, кааласаңыз сизди дагы, орун басарларыңызды, министрлерди текшерели. Себеби кызматынан жамынып алып, "мен УКМКмын" деп элдин баарын коркутуп жүрөт. "Кудайберген" боюнча жалаа жаап жаткан УКМК жетекчиси Кумтөр жана Кемпир-Абад боюнча дагы алдаса керек", — деди Сурабалдиева.

Өз кезегинде Акылбек Жапаров Конституция боюнча депутат шайлоочуларынын жана уятынын астында гана жооп берерин айтып, бул маселени саясатка айландырбоого чакырды.
Эмне майдаланып жатасыз?! Сурабалдиева менен Ташиев кайым айтышты. Видео