Песков: ЖККУ саммитинде кыргыз-тажик чек арасындагы абал талкууланды

Кремлдин өкүлү эки өлкө ортосундагы чыр-чатакты жоюу аракеттери улана турганын кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. ЖККУ саммитинин жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чыр талкууланды. Абалды жөнгө салуу оңой эмес экенин, буга карабастан иштер улантыла берерин Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтканын РИА Новости кабарлады.
"ЖККУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы мындай пикир келишпестик, чыр-чатактан арылууга уюмдун саясий эрки жетиштүү. Президенттер аны чечүү керектигин түшүнүп жатат, бирок алдыда оңой эмес жумуштар бар. Аны чечүүгө аракеттер улантыла бермекчи", — деген Песков.
Беларусь президенти Александр Лукашенко ЖККУ саммитинде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүдө олуттуу жылыштар бар экенин айтканын маалымдаган.
Жапаров: ЖККУ чек арасын күзөтүүнүн катмарлуу системасын түзүү керек