Курултай эмне үчүн керек, канча киши эмнени талкуулайт? Жол-жобосу

Эртең, 25-ноябрь күнү, борбор калаадагы Улуттук филармонияда биринчи Элдик курултай башталат. Мамлекеттик деңгээлде уюштурулган жыйын эки күнгө созулуп, өлкөнүн булуң-бурчунан делегаттар келет.
Sputnik
Курултайдын максаты, талкууланчу маселелер жана ыйгарым укуктары тууралуу Sputnik Кыргызстандын материалынан окуңуздар.

Конституцияда эмне деп жазылган?

Баш мыйзам боюнча, Элдик курултайдын макамы "коомдук-өкүлчүлүктүү жыйын" деп аталат. Ал кеңешүүчү, байкоочу жыйын катары коомдун өнүгүү багыттары боюнча сунуштамаларды берет.
Президент курултайдын сунушун эске алуу менен министрлер кабинетинин мүчөлөрүн жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерин кызматтан бошотот.
Бул жыйын жыл сайын өтүп, мамлекет башчы делегаттарга кайрылуу жасайт. Элдик курултай мыйзам чыгаруу укугуна ээ.
Курултайдын уюштурулушу жана ишмердүүлүгү конституциялык мыйзам менен аныкталат.
Кыргызстандын конституциясы

Мыйзам кабыл алынбай, жарлык менен өтүп жатат

Элдик курултай жөнүндө мыйзам долбоорун жыл башында Жогорку Кеңеш кабыл албай койгон. Мындан улам президент Садыр Жапаров өзү жарлык чыгарып, өткөрүүнүн жол-жобосун бекиткен.
"Мыйзам кабыл алынганга чейин быйылкы курултайды жарлык менен чакырууну туура көрдүм. Бийликтин бардык бутактары бир жылда жасалган иштери жөнүндө жалпы элге маалымат берет. Курултайдын сунуштарын угабыз", — деп түшүндүргөн президент.
Элдик курултай бир жылда бир жолу өтөт. Президенттин демилгеси же Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин сунушу боюнча кезексиз отурум чакыртылышы мүмкүн.
Жапаров анда өлкөдөгү иштин абалы, ички жана тышкы саясаттын негизги багыттары жөнүндө кайрылуу жасай турганы күтүлүп жатат.

Кандай маселелер талкууланат?

Кыргыз Республикасын гуманитардык-маданий жактан өнүктүрүү;
улуттук маданиятты, тилди өнүктүрүү жана кыргыздардын улуттук мурасын кайра жандандыруу;
Кыргызстан элинин салттарын жана мурастарын сактоо;
мамлекет менен диний конфессиялардын өз ара мамилеси;
экология жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу;
региондор аралык жана этностор аралык талаш-тартыштарды, чыр-чатактарды чечүү;
улуттук каада-салт менен үрп-адаттарды заманбап жашоонун чындыктарына ыңгайлаштыруу;
Бишкек шаарындагы Элдик Курултайга катышуу үчүн делегаттарды тандоо

Курултайды өткөрүүнүн жана делегаттарын шайлоонун тартиби

Натыйжада чечим кабыл алынып, бийлик органдарына сунуштама катарында жиберилет.
Элдик курултай 1 074 делегаттан турат
Анын ичинде:
452 айыл өкмөттүн ар биринен экиден (904 делегат);
облустук маанидеги 12 шаардан экиден жана райондук маанидеги 18 шаардан бирден (42 делегат);
Бишкек шаарынан 60 жана Ош шаарынан 30 (90 делегат).
чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан – 28 делегат;
конфессиялык коомчулуктардан – 10 делегат.
Аймактардагы делегаттар жергиликтүү курултайлардан шайланып келет. Мигранттар арасынан ал жакта иштеп жаткан коомдук уюмдар тарабынан тандалып, делегаттар бир жылдык мөөнөткө шайланат.
Төмөнкүлөр делегат боло албайт:
Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары;
чет мамлекеттин жарандыгы барлар;
соттун чечиминин негизинде аракетке жөндөмсүз деп табылгандар;
мурда соттолгондор;
жашы жете элек адамдар.
21 делегаттан Аксакалдар кеңеши түзүлөт. Курамына Элдик курултайдын төрагасы, анын тогуз орун басары, катчысы жана 10 мүчөсү кирет.
Бишкек шаарындагы Элдик Курултайга катышуу үчүн делегаттарды тандоо

Биринчи Элдик курултайды ким уюштуруп жатат?

Элдик курултайды өткөрүү милдети президенттин администрациясы менен иш башкармалыгына жүктөлгөн.
Уюштуруу комитетине киргендер:
Сүйүнбек Касмамбетов — мамлекеттик катчы, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Бейшенбек Абдразаков — "Элдик курултай жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Чолпонбек Абыкеев — президенттин кеңешчиси, "Элдик курултай жөнүндө" конституциялык мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси;
Бекбосун Бөрүбашов — президенттин кеңешчиси, 2020-жылдагы Конституциялык кеңешменин төрагасы;
Замирбек Айтиев — президенттик администрациянын, президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн эксперти, уюштуруу комитетинин катчысы;
Абдрахман Алымбаев (Байас Турал) — "Элдик курултай жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Чолпонкул Арабаев — "Элдик курултай жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кубанычбек Дүйшеев — "Элдик курултай жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кадыралы Кошалиев — "Элдик курултай жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Билим Райымкулов — Кыргызстан адвокатурасынын адвокаттар кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Айбек Жунушалиев — президенттик администрациянын президент жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальниги;
Мурат Үкүшов — президенттик администрациянын, президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги;
Мирбек Кожоев — президенттик администрациянын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Каныбек Туманбаев — президенттин иш башкаруучусу;
президенттин облустагы өкүлдөрү жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери.

Кайсы каражатка өтөт?

Элдик курултайдын ишин финансылык, материалдык-техникалык, маалыматтык жана уюштуруучулук жактан камсыз кылуу мамлекеттик бюджеттин, президенттин жана министрлер кабинетинин фондуларынан бөлүнөт. Анын ичинде делегаттарды мейманканга жайгаштыруу, тамак-аш менен камсыздоо каралган.
Парламенттин ордун баспайт. Садыр Жапаров Элдик курултай туурасында айтты