Европанын алдыңкы өлкөлөрү "үчүнчү дүйнөнүн" катарына кирип калабы? Ой толгоо

Көз ачып-жумганча кыш кирип келди. Күн сууктап, сасык тумоолор күч алганда Францияда жөнөкөй эле амоксициллин антибиотигинин тартыштыгы жаралды. Бирок көп колдонулчу, арбын сатылчу жана анча кымбат дары эмес эле...
Sputnik
Бул менен гана чектелбейт, таңсык болгон дары-дармектин жалпы тизмеси 28 бетке жеткенин айтат Елена Караева. Серепчинин кезектеги материалы да Европадагы социалдык абалга арналып, РИА Новости сайтына жарыяланган.
Франциялык сыпайылык менен бул кырдаал "жабдуудагы кыйынчылыктар" деп аталууда. Астманын оор түрүнөн жапа чеккен, ички секреция бездери, анын ичинде калкан бези жана гипофиздин функциясы бузулган бейтаптарга же бир катар маанилүү гормондордун иштелип чыгышында мандем бар жаш балдарга берилчү дарыларды табуу кыйын же сатыкта таптакыр жок болууда.
Улуттук жана ага үстөмдүк кылган саясий жана экономикалык каймактар буга чейин глобализмден өткөн жакшы нерсе жок деп ишендирип келгенине карабастан, натыйжада Европа биримдигиндеги бардык дары-дармектин 85тей пайызы Азия мамлекеттерине чыгарылган. Негизинен Индия менен Кытайга берилген. Бул тармактагы алптар Европага караганда ал жакта өндүрүштүн арзандыгын, анан да фармацевтикалык завод-фабрикалардын калдыктарын эске алышкан.
Ал эми кымбатчылык өкүм сүргөн Европада андай өндүрүш таштандыларын жок кылуунун зарылдыгы кандай? Ошону менен бирге эле энергетикалык ресурстар каатчылыгын да эске алыңыз. Анткени "бакубат глобализмде" бул азыр абдан орчундуу маселе болуп турат. Электр кубатын эбегейсиз көлөмдө талап кылган фармацевтикалык өндүрүштү Азияга которуу деле каатчылыктан куткара алган жок. Дары-дармекти чыгаруу ыргагы басаңдай түштү.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Батыш Украинага курал-жарак жөнөтүүдө олуттуу көйгөйгө туш болду
Анткен менен Франция качандыр бир кезде электр кубатын өндүрүүдө жүз пайыз эгемен держава эле, ал эми азыр бул ресурсту жылына 213 күн сырттан сатып алууда. Муну "Фигаро" катуу кайгыруу менен маалымдайт. Ошол эле учурда "Монд" да быйыл кышта жарык маал-маалы менен өчүрүлөрүн кабарлоодо.
Бийликтин өкүлдөрү калкты дүрбөтпөө үчүн мындай жагдайды "тармактагы чыңалууну азайтуу" деп атап келишсе, бүгүн алардын пиарчылары жетекчилерин чындыкка түз кароого чакырууда.
Ноябрдын башында Bloomberg агенттиги "Франциянын энергетикасындагы бул кырдаалга Путинди айыптоонун кажети жок. Буга француздар өздөрү жол бергенин" белгиледи.
Буга чейин оңдоп-түзөө үчүн токтотулган реакторлорду ишке киргизүүнү тездетүүгө көндүрүү, өтүнүч, талаптарга карабастан бул объектилердин коопсуздугуна жооптуу адамдар эрежелерди бузбай тургандарын, ишке киргизгенге даяр болгондо гана реакторлор колдонууга берилерин айтып көшөрүшкөн.
Эгер кыш катуу болуп калса, көп кызыктарга күбө болушубуз мүмкүн. Маселен, кечкисин жанган жарыктары менен белгилүү Париж караңгы тартып калары бышык. Себеби электр кубаты өтө аз, ал эми аны пайдалангандардын саны оголе көп.
Мурда үчүнчү дүйнө өлкөлөрү гана жарыгы өчүп, суукта күн өткөрүп, дары сатып ала албаган абалда мүнөздөлчү. Кайсы бир кездеги үчүнчү өлкөлөрдүн катарына эми планетанын күчтүү экономикалары, ааламдын бар артыкчылыктарын пайдаланган алтын жарым миллиард да тез эле кошулуп калганы турат. Качан кайрадан боор көтөрүп, абалын оңдой аларын эч ким билбейт, ал туурасында ой калчагандан да чочулашат.
"Тарыхый учур": НАТО блогуна жик түштү