Элмирбек Иманалиевдин китеби казак тилине которулду. Бет ачары Алматыда өтөт

Акын, ЖК депутаты Мирлан Самыйкожо журналисттерди, чыгармачыл чөйрөнү китептин бет ачар аземине чакырган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Залкар төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин "Аманат" поэтикалык жыйнагы казак тилине которулду. Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине акын, ЖК депутаты Мирлан Самыйкожо тастыктады.
Депутаттын айтымында, китепти казактын белгилүү төкмөсү Айбек Калиев которгон.
"Элмирбек Иманалиев кыргызга гана эмес, казакка да белгилүү акын болчу. Ошондуктан эки тилде жарык көрдү, кыргыз тилинде китеп мурда чыккан. Биз жалпы казакстандык туугандарды, чыгармачыл чөйрөнү, журналисттерди китептин бет ачарына чакырабыз", — деди Самыйкожо.
Ал белгилегендей, китептин бет ачар аземи 29-ноябрда саат 15:00дө Алматы шаарындагы Абай Кунанбаев атындагы улуттук китепканада өтөт.
Элмирбек акындын кызы Айзуура: атам менен апама берчү суроолорум жоопсуз калды...