Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Захарова Европарламентти "акмакчылыктын демөөрчүсү" деп таанууну сунуштады

Буга чейин Европарламент Россияны "терроризмге демөөрчү болгон өлкө" деп таануу боюнча резолюцияны кабыл алган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Европарламентти акмакчылыктын демөөрчүсү катары таанууну сунуштады.
Белгилей кетсек, Европарламент Украинадагы атайын операциядан улам Россияны "терроризмге демөөрчү болгон өлкө" деп таануу боюнча резолюцияны кабыл алган.

"Европарламент Россияны "терроризмдин демөөрчүсү" деп таануу резолюциясын кабыл алды. Эми Европарламентти "акмакчылыктын демөөрчүсү" деп таанууну сунуш кылам", — деп жазган Захарова Telegram каналына.

Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ ТИМи: БУУ туткунда өлтүрүлгөн аскерлердин окуясына баа берүүдөн качууда