Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ ТИМи: БУУ туткунда өлтүрүлгөн аскерлердин окуясына баа берүүдөн качууда

Буга чейин Россиянын Коргоо министрлиги Украинанын куралдуу күчтөрү туткунга түшкөн он орус аскерин атайлап өлтүрүшкөнүн маалымдаган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюму Донбасста Россия аскерлеринин атып өлтүрүлүшү боюнча так эч нерсе айтпай, окуяга баа берүүдөн качууда. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.
"БУУнун өкүлү Донбасста туткунда өлтүрүлгөн Россия аскерлеринин видеосу боюнча "биз жаңжалдашып жаткан тараптарды бардык билдирүүлөрдү, адам укуктарынын бузулушун тыкыр иликтеп чыгууга жана күнөөлүүлөрдү жазалоого чакырдык" деп жооп берди. Менин оюмча, БУУ катчылыгынын өкүлдөрү так, объективдүү баа бергенди билиши керек", — деген Захарова.
ТИМ өкүлү Буча окуясына БУУ тагыраак баа бергенин эске салды.
"Азыркы кырдаалда уюм так фактыларды келтирбей жалпы сөздүн артына жашынып жатат. Мындай болбошу керек", — деген ал.
Буга чейин Россиянын Коргоо министрлиги Украинанын куралдуу күчтөрү туткунга түшкөн он орус аскерин атайлап өлтүрүшкөнүн маалымдаган. Ал билдирүүдө бул Украина кылып жаткан биринчи аскердик кылмыш эмес экендиги, Киевдин аскерлери мындай жорукту дайыма жасап келгендиги белгиленген.
Украинанын куралдуу күчтөрү туткунга түшкөн россиялык аскерлерди аткылап жаткан видео жакында интернет тармагына тараган. Президенттин алдындагы Жарандык коом жана адам укугу боюнча өнүгүү советинин төрагасы Валерий Фадеевдин маалыматы боюнча, окуя Макеевка шаарында болгон.
Бул окуяны ал оор кылмыш деп атап, эл аралык иликтөө жүргүзүүнү талап кыларын айткан. Фадеев видеону БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссарына, ЕККУга, Европа Кеңешине, Amnesty International жана Кызыл Чырым эл аралык комитетине, дагы башка уюмдарга жөнөтө тургандыгын маалымдаган.
Кийинчерээк БУУ Россиянын туткундагы аскерлеринин өлтүрүлүшү боюнча бардык билдирүүлөрүн иликтеп чыгууга чакырган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия эл аралык уюмдардан туткундарды өлтүргөндөрдү айыпка тартууну талап кылды