Путин: Казакстанда ЖККУ күчтөрүн колдонуу тажрыйбасы талданды

Ал Россия уюмду заманбап курал-жарак, аскердик техника жана атайын техника менен камсыз кылуу чечимин колдой турганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Казакстанда ЖККУнун күчүн колдонуп көрүү тажрыйбасы талданды. Россия ЖККУ күчтөрүн заманбап курал-жарак менен камсыз кылуу чечимин колдойт. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин Еревандагы ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясында билдиргенин РИА Новости жазды.
"Казакстанда тынчтыкты орнотуу операциясынын жүрүшүнөн алынган баалуу практикалык тажрыйбаны биз жана уюмдун катчылыгы талдап чыкты. Мындан улам Россия уюмдун күчтөрүн заманбап курал-жарак, аскердик техника жана атайын техника, каражаттар менен камсыз кылуу чечимин сөзсүз колдойт", — деген Путин.
Садыр Жапаров ЖККУнун сессиясына катышууда. Президент токтолгон негизги маселелер