Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Нарышкин Польшадагы ракета окуясы боюнча: Зеленскийден баарын күтсө болот

Киев режими ракета окуясы менен Түндүк Атлантика альянсы (НАТО) жана Россиянын ортосунда аскердик кагылышууну тутантууга аракет кылган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Польшанын аймагына ракеталардын кулашы Киев режиминин азыркы кылмыштуу мүнөзүн көрсөттү. Бул тууралуу кыргызстандык журналисттерге Россиянын Тышкы чалгын кызматынын директору Сергей Нарышкин айтты.
Анын айтымында, Киев режими муну менен Түндүк Атлантика альянсы (НАТО) жана Россиянын ортосунда аскердик кагылышууну тутантууга аракет кылган.
"Бул окуядан кийин Киев режиминин башкы демөөрчүлөрү кырдаалга объективдүү баа берди. Ошондой эле бул кырдаал НАТО жана АКШ Россия менен аскердик кагылышууну каалабаганын көрсөттү", — деген ал.
Нарышкиндин айтымында, Тышкы чалгын кызматына түшүп жаткан маалыматтар Батыш Украинаны керектөөчү материал сымал колдоно берерин көрсөтүп жатат.
"Ошол эле учурда Батыштын Киев режиминин жоопкерчиликсиз жүрүм-турумунан, акча сурай бергенинен тажаганын көрүп турабыз. Батышта Украинага мындан ары мурдагыдай көлөмдө жардам көрсөтүү боюнча талаш-тартыш жаралганын байкалды. Зеленский муну сезүүдө жана андан баарын күтсө болот", — деди Чалгын кызматынын директору.
Белгилей кетсек, Нарышкин жана ал жетектеген делегация учурда Бишкекте жүрөт. Буга чейин алар Душанбе шаарында болушкан.
Нарышкин Садыр Жапаров жана Ташиев менен жолугушууларынын жыйынтыгын чыгарды