БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Нарын шаарындагы № 9 Абдыкадыр Садыков атындагы орто мектептин жаңы имаратынын курулушу башталып, капсуласын салуу салтанаты болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Жаңы, 375 орундуу мектеп республикалык бюджеттен 141 млн. 500 миң сомго каржыланып, бардык шарты менен заманбап типте курулары айтылды.
Нарын шаарындагы типтүү эмес эки орто мектеп бар. Бул имараттын курулушу менен шаардын Ак-Коргон аймагындагы мектеп курагындагы балдардын бардыгын камтуу жана аларга жеткиликтүү билим берүү мүмкүнчүлүгү түзүлмөкчү.
Учурда аталган орто мектеп мурда дүкөн катары салынган имаратта жайгашкан. Окуучуларга үч сменде билим-тарбия берилип, шарттын жоктугу көйгөй жаратып келет.
"Мектептин курулушу менен шаарыбыздагы чоң көйгөй чечилет деп турабыз. Келечек ээлери болгон балдарыбыз үчүн керектүү шарттарды түзүү башкы милдеттерибиз болушу керек. Мен куруу жоопкерчилигин алган ишканадан ишти сапаттуу жана өз учурунда аткарууну өтүнөм", — деди Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев.
Курулушту "Илек строй" жоопкерчилиги чектелген коому жүргүзө турганы маалым болду.