Пресс-борбор

Жер амнистиясы. Министр кызыл китеп качан берилип бүтөрүн айтты

Министр мынча көп документти тез эле жасап бере калуу оңой эмес экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Жер амнистиясынын алкагында дээрлик 29 гектар жер трансформацияланды. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Sputnik Кыргызстан агенттигинде өтүп жаткан брифингде билдирди.
Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков
Буга чейин мамлекет башчы апрель айына чейин Чүй жана Ош облустарында 25 миң гектар жер мыйзамдаштырыларын айткан. Июнда Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери сентябрь-октябрь айларында кызыл китеп берилип каларын маалымдашкан. Журналист бул иштер кайсы стадияга келип калганын сурады.
Министр жер амнистиясы боюнча мыйзамга кол 1-майда коюлганын эске салды.
"28,9 миң гектар жер трансформация болуп, 146 миң үй-бүлө үчүн кызыл китептерди жасап, берүү процесси башталган. Бул иш бардык райондо жүрүп жатат. Эл кызыл китеп алып жатканын ЖМК өкүлдөрү да көрдү. Бул бир күндө бүтө калчу жумуш эмес, график менен иштеп жатабыз. 2023-жылдын башына чейин же балким ушул жылдын аягына чейин эле бул маселе чечилип калат. Бирок мындай көп документти тез эле жасап бере калуу оңой эмес", — деген министр.
Ал пайдубалы салынып же үйлөр курулуп калган жерлерге документ берилип жатканын кошумчалаган.
Басып алынган жерлер кантип мыйзамдаштырылууда? Адистер менен маек