Дагы бир сенсация! Футбол боюнча дүйнө чемпионатында Япония Германияны жеңип алды

Дүйнөнүн төрт жолку чемпиону болгон Германиянын курама командасы турнирдеги фавориттердин бири эле.
Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатында Япониянын курама командасы Германиянын спортчуларын 2:1 эсебинде жеңип алды.
Дүйнөнүн төрт жолку чемпиону болгон Германиянын курама командасы турнирдеги фавориттердин бири эле. Бирок бул "наамы" аларга беттеште жардам берген эмес.
Германиянын футболчулары бир топту дарбазага пенальтиде киргизип, эсепти 1:0 кылган. Оюн бүтөйүн деп калганда Япониянын курама командасы сегиз мүнөттүн ичинде каршылаштарынын дарбазасына эки топ киргизип, жеңишке жетишкен.
Белгилей кетсек, дүйнө чемпионатында фаворит аталган Аргентинанын командасын Сауд Арабиянын футболчулары 2:1 эсебинде утуп сенсация жараткан.
Бет сөөгү талкаланган. Дүйнө чемпионатындагы саудиялык коргоочунун жаракаты. Видео