Сот журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алды

Өкүмдү ИИМ менен Чек ара кызматы аткарат.
Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Бишкек шаардык соту журналист Болот Темировго козголгон кылмыш иш боюнча Свердлов райондук сотунун 28-сентябрындагы чечимин өзгөрттү. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.
Анда белгиленгендей, Темиров Кылмыш-жаза кодексинин 70-беренесине ылайык, өлкө мыйзамдарында жана эл аралык келишимдеринде каралган тартип менен Кыргызстандан сыртка чыгарылат.
"Соттун Темировду өлкөдөн тышка чыгаруу чечимин аткаруу ИИМ менен УКМКнын Чек ара кызматына жүктөлгөн. Чечимдин башка бөлүктөрүндө өкүм өзгөртүүсүз калды. Мамлекеттик айыптоочунун апелляциялык көрсөтмөсүнүн бир бөлүгү канааттандырылды. Жактоочулардын доо арызы канааттандыруусуз калды", — деп жазылат маалыматта.
2022-жылдын 22-январында Бишкекте иликтөөчү журналист Болот Темировду милиция кызматкерлери кеңсесине келип кармаган. Бишкек ШИИБи ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 283 ("Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңгизат каражаттарын мыйзамсыз даярдоо") жана 287-беренелерине ("Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга жакын") ылайык кылмыш иши козголгонун билдирген. Анын баш коргоо чарасы каралып эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде бошотулган.
Болот Темиров коомчулукка иликтөөчү журналист катары таанымал. Ал Temirov LIVE YouTube каналы аркылуу "Эки күндө 37 миллион сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген темада иликтөө жарыялаган. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынын өткөрүп, Темировдун сайтындагы иликтөөлөрдө жазылгандардын баары чындыкка дал келбей турганын айткан.
Жогорку Кеңеш "Азаттыктын" журналисттеринин аккредитациясын токтотту