Кыргызстандык бийкеч "Жер сулуусу" сынагында өзгөчө номинацияга ээ болду

Алдыда башкы конкурстук этаптар күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык бийкеч Айжан Чаначева "Жер сулуусу — 2022" эл аралык сынагында сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу "Кыргызстан сулуусу" сынагынын улуттук дирекциясы маалымдады.
Конкурс учурда Филиппиндин Манила шаарында өтүп жатат, анда 91 өлкөдөн барган чүрөктөр ат салышууда.
Дирекция билдиргендей, 23 жаштагы Айжан сынактын орто чениндеги пляждык кийимдер этабында Miss Congeniality наамын (темага дал келген көрүнүш) утуп алган. Ага катышууга кыргызстандык бийкеч эки кече көйнөгүн даярдаган, биринчиси пляжга чыгууга, экинчиси салтанаттуу кечеге ылайыкталган.
Алдыда конкурстун негизги этаптары, "Мыкты экодолбоор" номинациясына онлайн-добуш берүү башталат. Бул номинациянын жеңүүчүлөрү автоматтык түрдө конкурстун финалына чыгат. Баш байге үчүн жарыш 29-ноябрда болору айтылды.
Өлкө атынан барган сулууну колдоо үчүн "Жер сулуусу" сынагынын сайтына кирип жана социалдык тармактар, YouTube платформасы аркылуу добуш берүү шарт.
Айжан Чаначева 2019-жылы Кыргызстан сулуусу аталган.
"Кыргызстан сулуусу" Айжан: атама сулуу экенимди да көрсөткүм келди