Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

National Interest: Украинадан АКШ менен союздаштарынын көңүлү кайт боло баштады

Макалада Польша менен Украинанын ортосундагы адам өмүрүн алган жаңжал АКШнын Киевди мындан аркы колдоосу тууралуу маселени кайра көтөргөнү жазылган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Киевдин Польшага кулаган ракета боюнча позициясы АКШ менен союздаштарынын Украинага мамилесин кайрадан карап чыгууга аргасыз кылууда. Бул тууралуу National Interest жазды.
"Киевдин кежирлиги америкалык консерваторлордун эле эмес, Ак үйдүн да, ошондой эле НАТО боюнча башка өнөктөштөрдүн да көңүлүн кайт кыла баштады", — деп жазылат макалада.
Вашингтонго АКШ ракета Украинага таандык экенин айтып жаткан учурда да Владимир Зеленскийдин Россияны күнөөлөөсү жаккан эмес. Автордун айтымында, бул атайын операция башталгандан бери Украина аралашкан биринчи чыр. Окуя америкалык чөйрөдө чоң резонанс жараткан.
"Польша менен Украинанын ортосундагы адам өмүрүн алган жаңжал АКШнын Киевди мындан аркы колдоосу тууралуу маселени кайра көтөрдү. Өкүлдөр палатасында азыр республикачылар басымдуулук кыларын эскерте кетели", — деп айтылат макалада.
15-ноябрь күнү Польшанын Украина менен чектешкен жерине жакын аймагына эки ракета кулап, эки киши көз жумган. Алгач Варшава ракеталар россиялык өндүрүштөн чыкканын билдирип, НАТО кеңешин чакырарын айткан. Бирок шаршемби күнү өлкө президенти Анджей Дуда ракеталардын Украинага тиешелүү ыктымалдуулугу көбүрөөк экенин белгиледи.
РФ Коргоо министрлиги Россия украин-поляк чек арасына жакын жерге эч кандай сокку урбаганын, сүрөттөрдөгү сыныктардын россиялык өндүрүшкө эч кандай тиешеси жок экенин билдирген. Ошону менен бирге "россиялык ракеталар" тууралуу айтылгандарды чагымчылык деп атаган.
Ал эми Владимир Зеленский окуяга Украинанын тиешеси жок экенин ишенимдүү айтып, эртеси кайра күмөн санай баштаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыш украиналык каатчылыктан чыгуунун жолун тапты. Кырдаалга сереп