Сауд Арабияда футболдогу сенсациялык жеңиштин урматына эс алуу күнү жарыяланды

Өлкөнүн футболчулары фаворит аталган Аргентинанын командасын 2:1 эсебинде утуп алган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Сауд Арабияда футболчулар дүйнө чемпионатында Аргентинаны жеңип алышынын урматына 23-ноябрь эс алуу күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу Al Arabiya басылмасы SPA мамлекеттик агенттигине таянуу менен жазды.
Мындай чечимди өлкөнүн падышасы Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд сенсациялык жеңишти майрамдоо үчүн кабыл алган.

“Падыша мураскер ханзада Мухаммед бин Салмандын улуттук команда Аргентинаны утуп алышын майрамдоо үчүн дем алыш күнүн жарыялоо сунушун жактырды”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, дүйнө чемпионатында фаворит аталган Аргентинанын командасын Сауд Арабиянын футболчулары 2:1 эсебинде утуп, сенсация жараткан. Алар C квартетинин биринчи беттешине чыгышкан.
Футбол боюнча дүйнө чемпионаты: Катарда стадиондордо сыра сатууга тыюу салынды