БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги 1-4-класстын окуучуларына тамак берүү үчүн бөлүнгөн каражатты 7 сомдон 20 сомго көтөрүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга койду.
Министрлик азык-түлүккө болгон баа кескин өскөндүктөн мектептердин көбү окуучуларга берилген булочка жана компотту кайра кара чайга которууга аргасыз болуп жатканы белгиленет. Бул тамактын калориялуулугун бир топ төмөндөтөрү айтылат.
"Учурда окуучуларга ысык тамак бир балага 7 сомдон, ал эми жетүүгө кыйын жана алыскы райондордо 10 сомдон берилет, бул сумма башында жеңил тамак (булочка жана суусундук) берүү үчүн гана эсептелген. Мындай сумма 2006-жылы белгиленген, ошол бойдон өзгөргөн эмес", — деп жазылат токтом долбоорунда.
Өлкө аймагында жалпысынан 1 735 мектепте (1-4-класстар) ысык тамак берилип жатат, бул жалпы сандын 73,92 пайызын түзөт.