БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда "Альфа Телеком" (Megacom соода маркасы) ишканасын сатуу маселеси кайрадан көтөрүлдү.
Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакиров 2023-жылы мамлекетке таандык 17 миллиард сомдук мүлктү жеке менчикке сатуу пландалып жатканын ЖКнын тармактык комитетинде билдирди.
"Менчиктештирүүнүн 2025-жылга чейинки программасы жазылды, аркы жумадан сиздерге алып келебиз. "Альфа Телеком" убагында 19 миллиард сомго бааланган, эми азыркы баасы 14-15 миллиард сом болот деген божомол бар. Азыркы анализдерге ылайык, орточо баасы ушундай болууда. Сатыла турган башка дагы активдер бар, алар "Керемет банктагы", "Кепилдик фонддогу" үлүшүбүз, "Сарамжал транс" ЖЧКсы, баш-аягы 30 активди тизмеге киргизип жатабыз", — деди Бакиров.
Андан соң депутат Улукбек Ормонов былтыр эле Жогорку Кеңеш Megacom компаниясын Улуттук банкка сатууга макулдук бергенин эске салып, кайрадан сатыкка коюуга эмне себеп болгонун сурады.
Бакиров анда менчиктештирүү жөнүндө мыйзам долбоору экинчи окуудан өтпөй калганын айтты.