Бишкек менен Москва Кыргызстанга атомдук станция куруу боюнча келишимге кол койду

Буга чейин атомдук станция куруу боюнча кызматташуу меморандуму кабыл алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Россиянын Сочи шаарында "Атомэкспо" форуму өтүп, анда Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен Россиянын "Русатом Энержи Проджект" (Росатом) ААКы кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
"Келишимде Бишкек менен Москва Кыргызстанда кубаттуулугу чакан атомдук электр станциясын куруу боюнча долбоордун болжолдуу негиздемесинин техникалык тапшырмасы тууралуу жазылган", — деп айтылат кабарда.
Документке кыргыз тараптан энергетика министри Таалайбек Ибраев, ал эми Россия тараптан ишкана өкүлү Андрей Рождествин кол койгон.
Буга чейин Россиянын "Росатом" мамлекеттик корпорациясы менен Кыргызстандын Энергетика министрлигинин ортосунда КР аймагында төмөн кубаттуулуктагы атомдук станция курууда кызматташуу боюнча меморандум кабыл алынган.
Пресс-борбор
Россиянын элчиси Кыргызстанда АЭС куруу маселеси боюнча комментарий берди