БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik.Индонезиядагы Чианджур аймагында күчү 5,6 баллга жеткен жер титирөө катталып, зилзаладан 162 адам каза болду. Бул тууралуу Kompas TV телеканалына таянып РИА Новости кабарлады.
Батыш Яванын губернатору Ридван Камилдин айтымында, көз жумгандардын көбү — балдар.
"Индонезиянын метеорология агенттигинин чалуу борборуна 162 адам каза тапканы тууралуу маалымат түштү. Алардын басымдуу бөлүгү балдар болгондуктан абдан тынчсызданып жатабыз. Бул аймакта мектеп-интернат көп. Ошол себептен жашы жетелектер арасында өлүм көп катталган", — деген ал.
Камил 326 тургун оор жаракат алганын белгилеп, провинциядан 13,8 миң адам эвакуацияланганын кошумчалады. Мындан тышкары, эки миңден ашык үй жабыркап, айрымдары таптакыр жараксыз болуп калган.