Икрамов: мамлекеттик кызматкерлер "сый акы төлөнбөй жатат" деп арызданууда

Финансы министри тек гана төртүнчү кварталда төлөбөй туруу сунушу каралып жатканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов ага мамлекеттик кызматкерлер кайрылып сый акы төлөнбөй жатканына арызданганын билдирди.
"Президенттик администрациядагылардан башка кызматкерлерге сый акы бербей токтотуп койду деп кайрылышууда. Бул мыйзамсыз да, ал мамлекеттик кызматкерлердин корголгон акысы", — деди Икрамов.
Буга жооп берген финансы министри Алмаз Бакетаев тек гана төртүнчү кварталда төлөбөй туруу сунушу каралып жатканын айтты.
"Андай туура эмес, баарына сый акы төлөнүп жатат. Сиз айтып жаткан төртүнчү кварталдын сый акысы. Баткен окуясынан улам бюджет тартыш болгондо бардык булактарды карап чыкканбыз. Анан быйыл мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин маянасын көбөйттүк, эгер ушунчалык керек болуп калса, бир сый акысын кармап койсок болот дегенбиз. Ушундай сунуш болгон, азыр аны карап жатабыз", — деди Бакетаев.
Депутат министрдин сөзүнө ишенбей, кызматкерлер президентке кайрылуу жөнөтүүгө да даяр болуп турушканын белгиледи.
Белгилей кетсек, 1-августтан тарта Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин маянасы көтөрүлгөн.
Сентябрда айрым мугалимдердин маянасы азайып кетти. Өкмөт себебин айтты