Радио

Казакпаев: Бишкекте "Арал — 2022" сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат

Сүрөтчү Жолдошбек Казакпаев "Арал — 2022" сүрөт көргөзмөсүндө жети сүрөтчүнүн картиналары көрүүчүлөрдүн назарына коюлгандыгын айтты.
Sputnik
Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде таластык сүрөтчүлөрдүн "Арал — 2022" деп аталган көргөзмөсү өтүп жатат. Бул тууралуу Жолдошбек Казакпаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, иш-чара 29-ноябрга чейин созулат.
"Арал — 2022" сүрөт көргөзмөсү 11-ноябрда башталды. Иш-чара 29-ноябрга чейин уланат. Талас облусунун Арал жергесинде тартылган сүрөттөрдү элдин сынына койдук. Жай мезгилинде таластык жети сүрөтчү барып, көргөзмөдө коюлган картиналарды 10 күн тартып келгенбиз. Анын жыйынтыгын учурда эл көрүп жатат. Жалгыз иш бөлмөсүндө иштегенге караганда командалык топ менен сүрөт тарткан кызыктуураак экен. Сүрөт тартып жаткан өзүңдүн каталарыңды башкалар аркылуу көрсөң болот", — деди сүрөтчү.
Ал залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата кыргыз-казак сүрөтчүлөрү биргеликте жазуучунун чыгармаларынын негизинде сүрөт көргөзмө уюштурууну пландап жатышканын кошумчалады.