Ысык-Көлдө апта башында кар жаайт. Бир жумага карата аба ырайы

26-27-ноябрда абанын температурасы 0…5 градуска чейин төмөдөшү мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя.— Sputnik. Ысык-Көл облусунда жуманын башында жамгыр, кар жаашы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Синоптиктердин божомолу боюнча, дүйшөмбүдөн 23-ноябрга чейин Көлдүн көпчүлүк аймактарына кар жаашы ыктымал. Абанын температурасы бул күндөрү 2...7 градусту көрсөтөт.
23-25-ноябрга чейин күн ачык болору айтылды. 25-ноябрь күндүз жана 26-27-ноябрда облуска кайра кар жаап, абанын температурасы 0…5 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.
Катуу суук түшпөйбү? Бир жумага карата Кыргызстандагы аба ырайы