Казакстан БШКсы Токаев шайлоодо жеңишке жеткенин расмий билдирди

Токаевге 6 миллион 456 миң 392 шайлоочу добуш бергени маалым болду.
Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Казакстан БШКсынын алдын ала тараткан маалыматы боюнча, Касым-Жомарт Токаев шайлоодо добуштардын 81,31 пайызын алып, жеңишке жетти. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Нурлан Абдировдун айтымында, Токаевге 6 миллион 456 миң 392 адам добуш берген.
Башка талапкерлерге берилген добуштар:
Баарына каршы — 5,8 пайыз;
Жигули Дайрабаев — 3,42 пайыз;
Мейрам Кажыкен — 2,53 пайыз;
Каракат Абден — 2,6 пайыз;
Салтанат Турсынбекова — 2,12 пайыз;
Нурлан Ауесбаев — 2,22 пайыз.
Белгилей кетсек, Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо кечээ, 20-ноябрда, өттү. Коңшу өлкөнүн президенттигине алты адам ат салышты. Алардын арасында өлкөнүн азыркы лидери Касым-Жомарт Токаев да болду.
Казакстандагы президенттик шайлоо. Токаев куттуктоолорду кабыл ала баштады