Кыргызстанга казиного келген чет элдиктер үчүн визаны жоюу сунушталууда

Мыйзам долбоорунда эгерде чет элдик казино ойногон жерден мыйзамсыз чыгып кетсе кылмыш жообуна тартып же айыпка жыгуу белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Кыргызстандагы казиного же буга окшогон оюндар бар жайларга келчү чет элдиктерге виза боюнча коюлган талапты жана каттоодон өтүүсүн алып салуу сунушталууда.
Бул мыйзамдын долбоорун Экономика жана коммерция министрлиги сунуштады. Ведомство казинону мыйзамдаштыруу тууралуу эске салды. Документ министрлер кабинетинин төрагасынын "Каракол" эркин экономикалык аймагында жайгашкан "Тамчы" зонасындагы оюндар үчүн атайын жайды ачуу тапшырмасынын негизинде иштелип чыккандыгы айтылды.
Долбоордо чет элдиктердин кирип-чыгуусуна, транзит менен жүрүп, виза албастан, каттоодон өтпөстөн Кыргызстан аймагында атайын оюн зоналарында жүрүүгө уруксат берүү каралган. Бул үчүн алар паспорттук көзөмөл жайынан өтүп жатканда ким экендигин билдирген документин көрсөтүү жетиштүү.
Министрликтен чет элдиктин сапарынын максаты, кумар оюндарын ойной турган аймакка келиши, алар киргенден кийин кыдырып жүрө турган тартиби, жеке же кызматтык автоунаада жүрүү тартиптери министрлер кабинети тарабынан бекитилерин айтышкан. Конок чет элдик паспорттук көзөмөлдөн өткөн соң түз эле атайын уюштурулган оюн залдарына барат. Ага бекитилген чектерден башка жактарга чыгууга тыюу салынат. Бийлик улуттук кызыкчылык эске алынган, экстремисттик, террордук топтордун Кыргызстанга кирип келүү мүмкүнчүлүгүн жок кылган талаптар коюлуп, иштеп жатканын айтты.
Мыйзам долбоорунда эгерде чет элдик казино ойногон жерден мыйзамсыз чыгып кетсе кылмыш жообуна тартуу каралары айтылган. Мыйзам бузгандар үчтөн алты жылга чейин эмгек түзөтүү иштерине тартылат же 50-100 миң сом айыпка жыгылат, же эки жылга чейин эркинен ажыратылат.
Кыргызстанда казино ачуунун шарты өзгөрдү. Кимдерге лицензия берилет?