Кыргызстандын Москвадагы көргөзмөсүндө 10 млрд. рублдик келишим түзүлдү

"Караван Экспо 2022" көргөзмөсүндө басым негизинен жеңил өнөр жай тармагына жасалган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Москвада өткөн "Караван Экспо 2022" көргөзмөсүнүн жыйынтыгы менен эки өлкөнүн ишкерлери ортосунда 10 миллиард рублдик келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу ишкер Темирлан Жуманазаров билдирди.
Белгилей кетсек, кыргыз өндүрүшчүлөрүнүн жана кызмат көрсөтүүчү компаниялардын көргөзмөсү 17-19-ноябрь күндөрү болгон.
Маалым болгондой, аталган иш-чара Кыргызстандын компанияларын эл аралык рынокко таанытуу, ишкерлерге жаңы байланыштарды, өнөктөш, кардарларды табууга көмөктөшүү максатында уюштурулган. Мындай көргөзмө Россияда алгачкы ирет өткөрүлгөн.
Жуманазаровдун айтымында, кийинки этапта көргөзмөлөр кыргызстандык компаниялар алгач КМШ өлкөлөрүнө, кийин Европа жана Америкага чыккандай кылып өткөрүлмөкчү.
"Жыйынтык жакшы. Ири дүкөндөр түйүнү менен келишимдер түзүлдү. Негизи көп адам келет деп күткөнбүз. Анткени максатыбыз Кыргызстандын экономикасын жаңы деңгээлге алып чыгуу эле. План боюнча 10 миллиард рублден ашык каражатка келишимдер түзүлмөк", — деген ал.
"Караван Экспо 2022" көргөзмөсүндө басым негизинен жеңил өнөр жай тармагына жасалган. Жуманазаров азыркы тапта бул сектор жакшы өнүгүп жатканын кошумчалап, Кыргызстандан тигилген сапаттуу кийимдер баалана баштаганын белгилеген.
Ал Россия рыногунан кийим саткан белгилүү бренддердин кетиши, Кыргызстандын жеңил өнөр жайы үчүн жакшы мүмкүнчүлүк экенин белгилеген.
Радио
Карасартов: өлкөдө жеңил өнөр жайды өнүктүрүүчү үч ири долбоор ишке ашууда