Радио

Эндокринолог: ашыкча салмак — өнөкөт оору

Эндокринология борборунун эндокринологу Дилбар Саттарова адам эмнеден улам семирип кетерин айтып берди.
Sputnik
Семиздик ар кандай ооруларды пайда кылышы мүмкүн. Бул тууралуу Дилбар Саттарова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ашыкча салмак бул өнөкөт оору.
"Азыркы кезде ашыкча салмак кооптуу маселеге айланып калды. Анткени семиздик ар кандай ооруларга алып келиши мүмкүн. Организмде май топтоло бергендиктен аны өнөкөт оору деп айтсак болот. Бул дарттын даражалары бар. Аны кишинин бизге кайрылган кездеги салмагына жана боюнун узундугуна жараша аныктап чыгабыз. Ашыкча салмак дүйнө жүзүндөгү көйгөйлөрдүн бири болуп саналат. Ага биринчи кезекте туура эмес тамактануу, тез жасалган, жеңил тамактарды көп колдонуу, өз убагында тамактанбоо жана кыймылдын аздыгы себеп болот", — деди эндокринолог.
Ал оор стресстик абал да ашыкча салмакка шарт түзүшү мүмкүн экенин кошумчалады.