Кемпир-Абаддан тарта жаан тилеген аялдарга чейин. Апта ирмеми

Венесуэлада өлкөнүн эң сулуу кызы тандалса, Индонезияда G20 саммитти өттү. Ал эми Россияда "Зоомир" фестивалы көпчүлүктү көңүл кош калтырган жок. Sputnik өткөн аптадагы болгон окуялардын сүрөттөрүн жарыялайт.
Sputnik
1 / 20

"Венесуэла сулуусу — 2022" титулун алган Диана Сильва. Сулуулар сынагынын финалында ага таажыны былтыркы жеңүүчү Аманда Дудамель кийгизүүдө.

2 / 20

Стамбулдагы терактыдан көз жумган Арзу Озсой жана анын 15 жаштагы кызын акыркы сапарга узатуу учуру. Истикляль көчөсүндөгү жардыруу 13-ноябрда болуп, анда алты адам каза таап, 81 киши жабыркаган

3 / 20

Нигерияда Yanuo Industries кампасы өрттөнүп, жумушчулар товарларды алып чыгууда

4 / 20

Мексикадагы "Эгемендүүлүк периштеси" эстелигин оңдоого каршы митинг

5 / 20

Бул — Франция президенти Эммануэль Макрон. Фотограф аны Балидеги "Чоң жыйырмалыктын" саммитинде түшкү тамактануу учурунда тартып алган.

6 / 20

Кениядагы кыштактардын биринин тургуну кудуктагы суудан уйларды сугарып жатат

7 / 20

Америкалык модель Шеннон менен Шаннаде Клермон. Сүрөт Нью-Йорктун Бруклин музейинде Thierry Mugler: Couturissime көргөзмөсүнүн ачылышында тартылган.

8 / 20

G20 саммиттинин алкагында бак отургузган АКШ президенти Жо Байден, Индия премьер-министри Нарендра Моди, Индонезия президенти Жоко Видодо жана Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен

9 / 20

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп 2024-жылы өтө турчу президенттик шайлоого талапкерлигин кое турганын расмий билдирди

10 / 20

"Жер сулуусу" сынагынын катышуучулары. Белгилей кетсек, бул сынакта Кыргызстандан Айжан Чаначева да ат салышмакчы.

11 / 20

Римдеги Олимпиада стадиону. Бийчилер "Тынчтык үчүн оюн" аттуу футболдук мелдештин алдында аргентиналык футболчу Диего Марадонанын урматына бийлешти.

12 / 20

Пукарада (Боливия) Кудайдан жамгыр тилеген аялдар

13 / 20

ЛЭРдеги Элдик милициянын аскери Рубежныйдагы биологиялык анализ жүргүзгөн лабораториянын документтерин текшерүүдө

14 / 20

Франциялык актриса Мари Корнильон корриданы жоюуну талап кылган акцияда

15 / 20

Өткөн аптада Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы жана Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу тууралуу келишимди колдоду. Парламенттин бул жыйынына өлкө башчы Садыр Жапаров да катышкан.

16 / 20

Ырчы Анитта Лас-Вегастагы Latin Grammy Awards сыйлыгын тапшыруу аземинде

17 / 20

La Conspiraciуn театралдык труппасынын катышуучусу Колумбиядагы бий фестивалынын алкагында коомдук транспорттун ичинде өнөрүн көрсөттү

18 / 20

Россиянын Красноярск шаарында "Зоомир" аттуу фестиваль болду. Сүрөттө бут кийимдин ичиндеги күчүктөр.

19 / 20

Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өттү. Мында аял балдарын шайлоо участогунун алдында сүрөткө тартып жатат.

20 / 20

Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Анын салтанаттуу ачылыш аземи кечээ, 21-ноябрда, болду. ЖМКлардын маалыматы боюнча, бул тарыхтагы эң кымбат дүйнө чемпионаты. Ага уюштуруучулар 208 миллиард доллар сарпташкан.

По теме:
Кыргыздын чырайлуу, таланттуу актрисалары... Кызыктуу сүрөттөр