Жапаров: бүт бажычыларды иштен бошото турган система даярдап жатабыз. Видео

Депутат Бажы кызматынын төрагасынын ишине нааразычылыгын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров учурда бажы тармагы эң чоң көйгөй болуп жатканын айтты.
Парламенттин Экономика, бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында депутат Айбек Алтынбеков Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабековдун ишине нааразычылыгын билдирген.
"Баарыбыз чогулуп бажы инспекциясында тартипти орнотушубуз керек. Бизде азыр эң талылуу көйгөй Бажы кызматында болууда. Керек болсо "за державу обидно" (мекен үчүн күйгөн — ред.) деген балдарды алып келебиз. Урматтуу Садыр Нургожоевич менен дагы сүйлөштүм, керекпи, бүт бажычыларды бир күндө иштен бошотуп туруп, алардын ордуна жаңы институтту бүткөн балдарды киргизгенге биз даярбыз. Азыр ошого системаны даярдап жатабыз", — деди Жапаров.
Ошондой эле өкмөт башчы бажыдан былтыркыга караганда 50 миллиард сом көп чогултуу планы коюлганын, бирок 26 миллиард түшүп жатканын белгиледи.
А.Жапаров: Бишкек менен Ошто мектеп, бала бакча кургандарга жерди бекер беребиз