Бишкектин "Тунгучунда" мектеп ачылып, аземге Садыр Жапаров катышты

Мектептер өлкө башчынын тапшырмасы менен республикалык бюджеттин каражатына курулган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Бишкектеги "Тунгуч" кичи районунда № 73 жаңы жалпы билим берүү мектеби ачылып, салтанатка президент Садыр Жапаров катышканын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4

Бишкектеги "Тунгуч" кичи районунда № 73 жаңы жалпы билим берүү мектеби ачылып, салтанатка президент Садыр Жапаров катышканын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады

2 / 4

Мамлекет жетекчиси кызыл лентаны кесип, 550 окуучуга эсептелген үч кабаттуу жаңы имаратты көрүп чыкты

3 / 4

Президентке окуу класстары, чеберканалар, спорттук жана актовый залдар, ашкана, лаборатория жана башка жайлар көрсөтүлдү

4 / 4

Бүгүн бир катар билим берүү жайларынын ачылышы болору белгиленди. Мектептер өлкө башчынын тапшырмасы менен республикалык бюджеттин каражатына курулган.

Мамлекет жетекчиси кызыл лентаны кесип, 550 окуучуга эсептелген үч кабаттуу жаңы имаратты көрүп чыкты. Президентке окуу класстары, чеберканалар, спорттук жана актовый залдар, ашкана, лаборатория жана башка жайлар көрсөтүлдү.
"Садыр Жапаров билим берүү мекемелерин куруу мамлекеттин милдети экенин, сапаттуу билим берүү мугалимдердин мойнунда экенин баса белгилеп, ошол эле учурда окуучуларды жакшы окууга, кийинки жашоосунда пайдасы тие турган терең билим алууга умтулууга чакырды. Президент мугалимдер жана окуучулардын ата-энелери менен баарлашып, бир жылдын ичинде мамлекет тарабынан Бишкекте 15 мектеп курулганын, бул коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражаттын аркасы менен мүмкүн болгонун баса белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
Бүгүн бир катар билим берүү жайларынын ачылышы болору белгиленди. Мектептер өлкө башчынын тапшырмасы менен республикалык бюджеттин каражатына курулган.
А.Жапаров: Бишкек менен Ошто мектеп, бала бакча кургандарга жерди бекер беребиз