БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. 22-ноябрь, шейшембиде, күндүз дыйканчылык аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +6...+11, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +8...+13, Ысык-Көлдө +5...+10, Нарын жергесинде 0...+5 градуска чейин жылуу болот.
Борбор калаада мезгил-мезгили менен жаан жаап, күндүн табы +9...+11 градуска көтөрүлсө, Ош шаарында жамгыр жаабайт, абанын температурасы +11...+13 градуска жетери болжолдонду.