Айдоочу каршы тилкеге чыккан. Жалал-Абадда жол кырсыгынан 6 адам каза болду

Бустагы жабыркаган башка жүргүнчүлөр ооруканага жаткырылганы кошумчаланды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунун 374-500-чакырымында жол кырсыгы катталып, алты адам көз жумганын Жалал-Абад облустук ЖКККБнын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Бишкек — Ош жолунун 374-500-чакырымында жол кырсыгы катталып, алты адам көз жумганын Жалал-Абад облустук ЖКККБнын маалымат кызматы кабарлады

2 / 2

Билдирмеге караганда, кырсык 19-ноябрь күнү Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылына караштуу Капчыгай тилкеси аркылуу өткөн жолдо болгон.

Билдирмеге караганда, кырсык 19-ноябрь күнү Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылына караштуу Капчыгай тилкеси аркылуу өткөн жолдо болгон.
"Анда Баткен облусунун Кадамжай районунун Бирлик айылынын тургуну, 54 жаштагы айдоочу Ford Transit үлгүсүндөгү микроавтобус менен Бишкектен Ошту көздөй бара жаткан. Айдоочу алдындагы оор жүк ташуучу автоунаадан озуп өтүүгө аракет кылып, каршы тилкеге чыккан. Ошол учурда Scania R420 үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу машинаны сүзүп, кырсыктаган", — деп айтылат маалыматта.
Фураны 30 жаштагы киши айдап баратканы айтылды.
"Жол кырсыгынан Ford Transit үлгүсүндөгү бустун айдоочусу, 50 жаштагы эки аял, 28 жаштагы, 55 жаштагы кишилер көз жумган. Ушул эле машинадан жашы 65-70тер чамасындагы дагы бир аял каза болгон, азыр анын аты-жөнү тактала элек", — деп жазылат кабарда.
Бустагы жабыркаган башка жүргүнчүлөр ооруканага жаткырылганы кошумчаланды.
Автоунаасы жардан кулап кеткен. Ырчы Бекжан Темирхан Боомдо кырсыктап көз жумду