БИШКЕК, 20-ноя.— Sputnik. Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Карим Масимовдун соту боюнча үн катты.
Назарбаев Казакстанда мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан президенттик шайлоодо добуш берип чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берген. Анда ЖМК өкүлдөрү мамлекетке чыккынчылык кылды деп айыпталып жаткан Масимовдун соту тууралуу сурашкан.
"Бул мага дагы кызык. Мен да мунун артында ким турушу мүмкүн экенин билүү үчүн тергөө иштеринин бүтүшүн күтүп жатам. Масимов мени менен көп жыл чогуу иштеди. Бирок билбейсиң да. Иса пайгамбар деле жанында отурган Иуда чыккынчы экенин билди беле?" — деген экс-президент.
Эске салсак, Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Карим Масимов мамлекетке чыккынчылык кылды деп шектелип, 6-январда кармалган.
Анын иши Астана шаардык сотунда каралууда. 57 жаштагы Карим Масимов эки ирет өкмөт башчы болуп, 2016-жылдан бери УККны башкарып келе жаткан.