Кыргызстан Сауд Арабияда маданият жана кино күндөрүн өткөрүүгө ниеттенүүдө

Тараптар маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө ынтызар.
Sputnik
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов өлкөнүн маданият министринин орун басары Фахад Аль-Канаан менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Жолугушууда эки өлкө ортосундагы маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтык талкууланган.
Тактап айтканда, тараптар Кыргызстанда жана Сауд Арабиясында маданият, кино күндөрүн өткөрүүнү сүйлөшкөн. Ошондой эле Борбор Азия мамлекеттеринин маданият ишмерлеринин катышуусунда биргелешкен Эл аралык жаштар форумун уюштуруу жана чыгармачыл делегациялар менен алмашуу боюнча кеп болгон.
Тараптар маданият тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюуну тездетүүгө өз ара кызыкдар экендигин ырасташкан.
Соңунда Марипов Фахад Аль-Канаанды Кыргызстанга ыңгайлуу убакта келип кетүүгө чакырган.
Жалал-Абадда "Орус ыры дос топтойт" аттуу фестиваль өтөт