Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Washington Post: Зеленский Вашингтондун башын айлантууда

Макаланын автору Жо Байденди Кошмо Штаттарды коргоого, өзөктүк согуш чыгып кетүүсүнө жол бербөөгө чакырган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Украина президенти Владимир Зеленский АКШны өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына каршы келген чечимдерди кабыл алууга мажбурлоодо. Бул тууралуу Washington Post басылмасынын серепчиси Дэвид Игнатиус жазганын РИА Новости кабарлады.
"АКШ менен Киевдин ортосундагы мамилеге көз чаптырып көрөлү. Зеленский өзүнүн колдоочусун, тагыраагы, Вашингтонду өлкө кызыкчылыктарына туура келбеген иш-аракеттерди жасоого түртүүдө", — деген ал.
Игнатиустун ою боюнча, Байдендин администрациясы Украинага аскердик жардам берип, ошол эле учурда АКШ менен Россиянын ортосунда чыр-чатак чыгып кетүүсүн болтурбоого аракет кылууда.
Макаланын автору сөз соңунда Жо Байденди Кошмо Штаттарды коргоого, өзөктүк согуш чыгып кетүүсүнө жол бербөөгө чакырган.
Владимир Зеленский 8-ноябрда Киевди Россияга сүйлөшүүгө түртүп жатышат деген маалыматтан кийин диалог үчүн жаңы шарттарды атаган. Алар: "аймакта бүтүндүктү калыбына келтирүү, БУУ уставына урмат менен мамиле жасоо, келтирилген зыяндын ордун толтуруу, аскер кылмышкеринин ар бирин жазалоо жана мындай окуя кайталанбайт деген кепилдик". Ошол эле маалда Зеленский Украинанын Коопсуздук кеңешинин РФ президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүгө мүмкүн эмес деген чечимин ишке киргизүү жарлыгына кол койгон. Буга кошумча, Украина Россиянын башында Путин турганда эч кандай сүйлөшүүлөргө барбай турганын да билдирген.
Москва ага жооп берип, Россия сүйлөшүүлөргө ачык экенин айтып, бул үчүн эч кандай шарттарды койбой турганын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Вашингтон Киевди сүйлөшүүлөргө түртүп жатабы? Ой толгоо