Кыргыздын эки балбаны АКШдагы турнирде бири-бири менен күрөшүүдөн баш тартты. Видео

Спортчулар алтын үчүн күч сынашмак.
Sputnik
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык эки балбан АКШнын Нью-Йорк шаарында өткөн эл аралык турнирдин финалында бири-бири менен күрөшүүдөн баш тартышты.
Мелдеш 18-19-ноябрь күндөрү Нью-Йорк шаарында болгон.
97 килограмм салмак категориясында балбан Атабек Азисбеков менен Мелис Айтбеков атаандаштарын жеңип финалга чыгышкан. Алар алтын үчүн күч сынашмак. Бирок кыргызстандык балбандар бири-бири менен күрөшпөй, анын ордуна чүчү кулак кармашкан. Натыйжада грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Атабек Азисбеков чемпион аталган.
Бутунан майып кыргызстандык жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатында күмүш тагынды