Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Медведев: Зеленскийге Россия менен сүйлөшүү өзүнүн кызыкчылыгы үчүн керек эмес

Медведев АКШ, Евробиримдик жана НАТО Россия менен мамилени таптакыр үзүп салууну каалабагандыктан, сүйлөшүү үчүн "Киевди түрткүлөө" аракеттери улам арбууда.
Sputnik
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. РФтин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Зеленскийге Россия менен сүйлөшүү өз кызыкчылыгы үчүн керек эместигин, себеби ал украин улутчулдарынан коркуп жаткандыгын айтты.
Мындай пикирин ал өзүнүн Telegram-каналына жазды.
"Сүйлөшүүлөр Зеленскийге кара башынын камын ойлогондуктан керек эмес. Андан сырткары, өтө кооптуу дагы, бул туурасында мурда да айтылган. Эгерде Украинанын кулагандыгын моюнга албагандан кийин сүйлөшүү столуна отуруп деле кереги жок. Моюнга алса — армиянын жогорку баскычтарындагылар менен байланышта болгон өзүңдүн улутчулдарын тындым кылат. Алардын жаны чыгып коркот. Цугцванг", — деп жазган Медведев.
Аны менен катар эле АКШ, Евробиримдик жана НАТО Россия менен мамилени таптакыр үзүп салууну каалабагандыктан, сүйлөшүү үчүн "Киевди акылга келтирүү үчүн түрткүлөө" аракеттери улам арбып жатканын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Вашингтон Киевди сүйлөшүүлөргө түртүп жатабы? Ой толгоо