Радио

Соронбаев: заманбап жабдууларды колдонуу менен электр тогун үнөмдөй алабыз

Энергетикалык жана ресурстук майнаптуу технологиялар боюнча эксперт Салават Соронбаев электр тогун үнөмдөө деген түшүнүккө жалгыз эле электр энергиясы кирбей тургандыгын айтты.
Sputnik
Начар сапаттагы көмүрдү жагуунун ордуна үйлөрдү туура жылуулоо маанилүү экендигин Салават Соронбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, заманбап жабдууларды колдонуу менен электр тогун бир топ үнөмдөсө болот.
"Электр энергиясын үнөмдөш керек дегенде көпчүлүгүбүздүн оюбузга бир гана электр тогу келет. Токту үнөмдөөнүн бир нече жолу бар. Алардын эң маанилүүсү – үйлөрдү жана имараттарды туура жылуулоо. Начар сапаттагы көмүрдү жаккандын ордуна үйлөрдү электр тогун аз сарптоо менен жылуулаганды билүү зарыл. Газ менен иштей турган орточо баадагы мештерди колдонууну сунуштайм. Электр тогун аз иштеткен заманбап жабдууларга дароо болбосо да, акырындык менен өтүшүбүз керек. Ошондо чоң көлөмдөгү суу сакталып, келечегибиз үчүн пайдалуу болмок", — деди эксперт.
Ал ар бир адам өз алдынча интернет булактарынан кантип электр тогун үнөмдөсө болот деп изилдеп, кызыгып көрүш керектигин да кошумчалады.