БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги Ош облусунда келе жаткан жумага карата аба ырайынын божомолун таратты.
Бул аптада шаарда жана дыйканчылык аймактарда күндүзү абанын эң жогорку температурасы 13 градусту түзөт.
20-ноябрда түнкүсүн айрым жерлерге жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшүшү күтүлөт. Ошол бойдон апта аягына чейин күндүн көзү бузулбай, ачык бойдон турат.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.