Композитор Муратбек Бегалиевге Франциянын маданият министри орден ыйгарды

Сыйлыкты Бишкектен элчи Франсуа Делаус тапшырганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Франциянын маданият министри Рима Абдул-Малак Кыргыз Республикасынын эл артисти, композитор Муратбек Бегалиевге "Искусство жана көркөм адабият орденинин кавалери (офицери)" наамын ыйгарды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
1 / 2

Франциянын маданият министри Рима Абдул-Малак Кыргыз Республикасынын эл артисти, композитор Муратбек Бегалиевге "Искусство жана көркөм адабият орденинин кавалери (офицери)" наамын ыйгарды

2 / 2

Мындай даражалуу наамды тапшыруу аземи Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өткөн

Мындай даражалуу наамды тапшыруу аземи Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өткөн. Сыйлыкты Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус тапшырганы айтылды. Аталган наам искусство, адабият тармагындагы жетишкендиктери үчүн жана искусство менен адабиятты Францияда дүйнөгө жайылтууга кошкон салымы үчүн өзгөчөлөнгөн инсандарга ыйгаруу максатында 1957-жылы негизделген.
Мындай сыйлыкка буга чейин атактуу актриса Айтурган Темирова татыган.
Мирзиёев Чыңгыз Айтматовго Алишер Навои атындагы эл аралык сыйлыкты ыйгарды. Видео