Өгөй балам батырбайт окшойт. Экинчи ирет турмушка чыккан аялдын каты

Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
Sputnik
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына экинчи турмушунда да жашап кете албай кыйналган аял кат жазган.
Саламатсыздарбы, мен 50 жаштамын. Биринчи жолдошум 30 жашымда эле каза болуп калган. Кайындарым менен жакшы катышам. Балдарым окуу башталганда менде, каникулда чоң апасынын колунда жүрүп чоңойду. Күйөөм өтүп кеткен соң кайненем өзүмдүн экинчи энеме айланган. Сырдашам. Ыйласам да, сүйүнсөм да ал киши менен бөлүшөм. Ошентип 47 жаштан өтүп көңүлүмдөгүдөй адамга турмушка чыктым. Кайненемдин алдынан өттүк. Балдар болсо чоңоюп, улуусу окуусун бүтүп иштеп баштады. Кичүүсү - студент. Бишкектеги батирди экөөнө калтырдым. Мен турмушка чыккан киши да колунда бар адам, төрт уул-кызы бар. Улуулары үйлөнүп-жайланган. Эң кичүүсү 18де, атасы менен бирге турат экен. Жубайы оорудан каза болуп калыптыр. Ошентип чогуу жашап жатканбыз. Баары жакшы. Туугандары да "жеңе" деп жылуу кабыл алышты. Бирок эле кичүүсү такыр жактырбайт. Тамак жасап жатсам да "ал апамдын жакшы көргөн идиш-аягы тийбеңиз, муну эле пайдаланбайсызбы" деп үйдөгү оокаттардын баарын кызганып отурат. Үй жыйнап бир буюмдун ордун алмаштырып койсом "аны апам ошол жерге койчу" деп нааразы. Тажап кеттим. "Баса берейин" десем жолдошум көзүмдү карап турат. Кыздары деле көп кийлигише бербегени менен келип-кеткенде сыртын салып турат. Түптөлүп калган үйгө өгөй эне болуп келүү абдан оор экен. Бир жумада бир-эки ирет өз үйүмө барып абдан жеңилдеп, ээн-эркин жыргап калам. Эртеси барсам, кайра эле ошол көрүнүш. Баскан-турганымды аңдып отурушканы байкалат. Ар түрдүү тамактарын жасап, өз уулумдай эркелетип да көрдүм. Боорун бербейт экен. Көңүлү жокто кагып салат. Убакыт да зымырык куш. Экинчи турмушум менен үч жылдай бирге жашап коюптурбуз. Эми жолдошума түшүндүрүп өз үйүмө эле кете берсемби деп жатам, бирок айта элекмин. Аны да аяп кетем. Өгөй балам эртең эле үйлөнүп, үй-жайды толук ээлик кыла баштаганда такыр эле батырбай баштайт го. Андан көрө эки баламдын жанында көбүрөөк болоюн деген ниеттемин. Же башка да жолу барбы?
Психолог Сажира Абдыкаимова: Саламатсызбы! Жаш кезиңизден башыңызга түшкөн түйшүктү көтөрүп, баарын жеңе алган экенсиз. Жараткан сизге карата ырайымдуу экенин экинчи жолу мыкты жолдош таап турмуш жолун улап жатканыңыздан билсе болчудай. Ар бир адам бул дүйнөгө бактылуу болуу үчүн келерин билиңиз. Канчалаган адамдар жакшы жар таба албай убара. Ал эми сизге, мындайча айтканда, бактылуу билет туш болуптур — 15 жылдан кийин көңүлүңүздөгү адамга жолугуптурсуз. Жолдошуңуздун уул-кыздарына келсек, кандай болгон күндө да сиз аларга өз апасы боло албайсыз. Бул жерде маселе сизде болуп жатат. Өзүңүздө кандайдыр бир өзүн-өзү күнөөлөө сезими бардай. Алардын энесинин өлүмүнө себепчи эмессиз. Балдардын алдында өзүңүздү айыптуу сезүү туура эмес. Ал эми биринчи жолдошуңуздун алдында күнөөлүү сезимдер жокпу? Ойлонуп көрүңүзчү, балким, жолдошуңуздун өлүмүнө өзүңүздү күнөөлөгөн учурлар болгондур? Же кандайдыр бир өкүт? Балким, азыркы жолдошуңуздун каза болгон аялынын алдында кандайдыр бир өкүтү бардыр? Балдар атасын апасынын өлүмүнө себепчи деп билишпейби? Ал буюмдарды баалуу деп эсептешсе, алардын ордуна жаңы буюмдарды алып пайдаланса болобу? Көйгөй болгон жерде, демек, чечим дагы бар. Сиз азыркы учурда бактылуусузбу? Эгер бактылуу болсоңуз эмне үчүн жогорудагы көйгөй чыкты? Сиз ыраазычылык менен болгон нерседен ырахат алып жашоо кандай экенин билбей жаткан жоксузбу? Анткени 15 жыл кайгырып, бактылуу болуп өткөргөн күндөрдү сагынып, бир нерсе жетишпегендей жашагансыз. Азыр баары өз ордунда. Кайгыга көнүп калган дене кайгыны чакыра берет. Жаңы кайгыруунун жолу ушул го деген сезимдер эмеспи? Же бул турмушуңузга чекит коюу үчүн болгон жоопкерчиликти жолдошуңуздун уулуна оодара салып жаткан жоксузбу? Кетүүгө 100 себеп болсо дагы, кетпегенге 101 себеп бар. Ойлонуп көрүңүз. Сизге психологго барууга кеңеш берем.
Ата-эненин бала менен сырдаш болгону көп азгырыктан сактайт. Мугалимдин күндөлүгү