Өкмөткө караштуу Жашыл энергетика фонду түзүлдү. Эмне иш кылат?

Фонд жашыл энергетика чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын түзүүгө багытталган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын министрлер кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду түзүлдү. Тиешелүү чечимге өкмөт башчы Акылбек Жапаров кол койгонун маалымат кызматы билдирди.
Аталган чечим жашыл энергетика чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү максатында кабыл алынганы белгиленди.
Аны менен катар фонд жөнүндө жобо жана уюмду башкаруу схемасы бекитилген. Милдети — жашыл энергетиканы долбоорлоону, күтүүнү, субсидиялоону, оңдоону, реконструкциялоону, курууну жана өнүктүрүүнү каржылоо үчүн акча топтоо. Ошондой эле бул энергиянын кайра жаралуучу булактарын иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана киргизүүгө дем берүү багытында түзүлгөн мамлекеттик мекеме болуп саналат.
Мамлекеттик мекемелерге "Майлы-Суу" лампа заводунан товар сатып алуу сунушталды