УКМК Камчы Көлбаевди жана 10 кишини чек арага жакын аймактан кармады. Сүрөт

Кармалгандар чек ара аймагында тиешелүү мамлекеттик органдардын уруксатысыз жүргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. 16-ноябрда кыргыз-кытай чек арасына жакын жерден "мыйзамдагы ууру" деп аталган К. Асанбек (Камчы Көлбаев) жана анын жакын санаалаш 10 адамы кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
16-ноябрда кыргыз-кытай чек арасына жакын жерден "мыйзамдагы ууру" деп аталган К. Асанбек (Камчы Көлбаев) жана анын жакын санаалаш 10 адамы кармалды
Аларды УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкы башкармалыгы кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында "Булат-М" мергенчилик талаасынан (Жети-Өгүз району) кайтып келе жатканда "Карасай" чек ара пунктунан кармагандыгы маалым болду.
1 / 3

Аларды УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкы башкармалыгы кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында "Булат-М" мергенчилик талаасынан (Жети-Өгүз району) кайтып келе жатканда "Карасай" чек ара пунктунан кармагандыгы маалым болду

2 / 3

Кармалгандардын Кыргызстандын мамлекеттик органдарынан тиешелүү уруксаты жок чек ара аймагында жүргөндүгү аныкталганын айтышты. Бул боюнча мыйзамдарга ылайык, К.Асанбек жана анын жанындагыларга карата административдик камакка алуу боюнча тиешелүү протоколдор түзүлгөн.

3 / 3

Текшерүүнүн жыйынтыгында ок атуучу сегиз курал (төрт "Сайга" карабини жана төрт ПМ жана "Глок" үлгүсүндөгү тапанча) табылып, алынган

Кармалгандардын Кыргызстандын мамлекеттик органдарынан тиешелүү уруксаты жок чек ара аймагында жүргөндүгү аныкталганын айтышты. Бул боюнча мыйзамдарга ылайык, К.Асанбек жана анын жанындагыларга карата административдик камакка алуу боюнча тиешелүү протоколдор түзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында ок атуучу сегиз курал (төрт "Сайга" карабини жана төрт ПМ жана "Глок" үлгүсүндөгү тапанча) табылып, алынган.

"Ошентип К.Асанбектин жана анын жакын санаалаштарынын иш-аракеттеринде Укук бузуулар кодексинин 429-беренесин ("Мамлекеттик чек ара режимин, чек арага жакын аймактардагы чек ара режимин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пунктуларындагы режимди бузуу") боюнча кылмыш белгилери көрүнгөн", — деп айтылган УКМК тараткан маалыматта.

Ведомстводон учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын айтышты.
УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевдин тобунун мүчөсүн кармады