Өзбек парламенти Кыргызстан менен чек ара, Кемпир-Абад келишимин жактырды

Эми бул документтер президенттер кол койгондон кийин күчүнө кирет.
Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Өзбекстандын Олий Мажилисинин Сенаты Кыргызстан менен болгон мамлекеттик чек араны делимитация кылуу келишимин жана Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча макулдашууну бир добуштан ратификациялады. Бул тууралуу парламенттин жогорку палатасынын Telegram-каналында айтылган.
Депутаттар бул документтерди бир добуштан колдогон.
Эске салсак, 2022-жылдын 17-ноябрында Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча келишим долбоорун жана Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча макулдашууну колдогон.
Эмки кадам эки өлкөнүн президенттеринде калды.
Кемпир-Абад боюнча макулдашууга "каршы" добуш берген депутаттардын тизмеси