Санариптик документтер юридикалык мааниге ээ болот. Жапаров чечимди жактырды

Чечим отуз күндөн кийин күчүнө кирет.
Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинети “өлкөнүн бардык аймагында санариптик документтер юридикалык мааниге ээ деп саналсын” деген чечимди жактырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Маалыматта жазылгандай, эми кыргызстандыктар "Түндүк” тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы документтерин мамлекеттик мекемелерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, кызмат адамдарына, юридикалык жана жеке жактарга көрсөтө алышат.
"Санариптик документтердин негизги артыкчылыгы — колдонууда ыңгайлуу жана убакытты үнөмдөөгө болот. Аны колдонууда ар кандай кооптонуулар бир кыйла төмөндөйт", — деди министрлер кабинетинен.
Учурда "Түндүк" тиркемесинде паспорт, айдоочулук күбөлүк, транспорт каражатын каттоо жөнүндө аныктама жеткиликтүү. Калган документтерди кошуу жакынкы аралыкта иштелип чыгат.
Санариптик документтерди колдонуу үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу керек:
Идентификациялардын бирдиктүү системасында авторизацияланган болуш керек (Калкты тейлөө борборунан "булуттагы" электрондук санариптик кол коюуну алуу, бул акысыз);
AppStore же PlayMarket интернет дүкөнүнөн "Түндүк” тиркемесин смартфонго жүктөө;
"Булуттагы" электрондук санариптик коюлган колдун жардамында тиркемеде авторизациялануу жана "Санариптик документтер" бөлүмүнө өтүү.
Санариптик документтер юридикалык мааниге ээ деп саналсын деген чечим 30 күндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргызстандын маморгандары толугу менен электрондук документке өттү