БУУ Кыргызстандагы жакырчылыкты жоюу үчүн 115 млн. долларлык колдоо көрсөтөт

Кедейлик менен күрөшүү максатында акча эки долбоор аркылуу алына турганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстанга жакырчылыкты жоюу максатында акчалай, тагыраагы, 105 миллион доллар өлчөмүндө колдоо көрсөтөт. Бул туурасында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Азык-түлүк боюнча дүйнөлүк программанын 2023-2027-жылдарга карата стратегиялык планына ылайык, жакырчылыкты жоюу жана азык-түлүк коопсуздугун сактоо боюнча ар кандай программаларды ишке ашырууга 90 миллион доллар берет. Ал эми 15 миллион доллары жакырчылык менен күрөшүү боюнча активдүү чараларга багытталган долбоорлорго жумшалмакчы.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев азык-түлүк боюнча дүйнөлүк программанын II сессиясында Кыргызстандагы БУУ ДАПтын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан жакырчылыкты жоюу боюнча чараларды жана азык-түлүк коопсуздугу программасын тааныштырган.
Сузакта 26 бүлөнү үйлүү кылган социалдык айылдын курулушу башталды. Сүрөт