Бишкекте таштандыны өз-өзүнчө ылгаган жай пайда болот. Мөөнөтү

Мэриядан сынамык долбоорго шаардык бюджеттен кошумча акча коротулбай тургандыгын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарында таштанды ылгаган жай пайда болот. Бул туурасында мэрянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Бул боюнча Биринчи май райондук акимчилиги менен "Бекен Дос" деп аталган жергиликтүү ЖЧК таштандыны сорттоо боюнча сынамык долбоорду ишке ашыруу үчүн макулдашууга кол койгон.
Тараптар аталган жайды жылдын аягына чейин курууну макулдашкан.
"Анын алкагында компанияга таштандыны бөлүп ылгаган жай куруу үчүн атайын жер тилкеси беш жылга ижарага берилет. Ал Панфилов №188/2 дарегинде жайгашкан, аянты 147,12 чарчы метр", — деп айтылган маалыматта.
Мэриядан сынамык долбоорго шаардык бюджеттен кошумча акча коротулбай тургандыгын айтышты.
Бишкектеги таштанды полигонундагы көйгөй кантип чечилет? Мэрдин жообу