БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Чек ара меселеси чечилгенден кийин Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда кошумча алты-жети өткөрмө бекети ачылат. Бул туурасында президент Садыр Жапаров парламентте билдирди.
Жыйында депутат Айсара Абдибаева Аксы районун Кош-Дөбө айылы менен чектешкен аймагына чек ара өткөрмө бекетин ачып берүүнү шайлоочулары суранып кайрылып жатканын айтты.
Мамлекет башчы чек ара такталгандан кийин бир эле Аксыда эмес, башка жерлерде да кошумча алты-жети өткөрмө жайлар ачыла турганын белгиледи.
Бүгүн, 17-ноябрда, Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди жана Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө Кыргызстандын министрлер кабинети менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо маселесин карап жатат.