БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Украина менен Польша чек арага түшкөн ракетаны шылтоолоп Россия менен НАТОну түздөн-түз кагылыштырууга аракет кылышкан. Бул тууралуу Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензянын айтымына таянып РИА Новости жазды.
Өкүл бул маселени БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында көтөргөн.
"Эгер жыйын белгиленбесе, анда аны Украина жана Польшанын Россия менен НАТОнун ортосунда тирешти тутандыруу аракетин талкуулоо үчүн чакырууга туура келмек. Бул эки мамлекеттин жетекчилери таптакыр жоопкерчиликсиз билдирүүлөрдү жасашты, аны башкача кабыл алууга мүмкүн эмес", — деген Небензя.
Ал Владимир Зеленский Россияны айыптоо менен Польшанын аймагына Украинанын ракеталары түшкөнүн билбей калышы мүмкүн эмес экендигин белгилеген.
"Демек, бул жөн эле жалган маалымат берүү эмес, бул НАТОну Россия менен тирешүүгө тартууга болгон аракет", — деген Россиянын БУУдагы өкүлү.
Эске салсак, 15-ноябрь күнү кечинде Польша ЖМКлары Украина менен чектешкен аймагына, тагыраагы, Пшеводув районуна эки ракета кулаганын билдирип, эки адам каза болгонун маалымдаган.
Associated Press басылмасы жазгандай, булар россиялык ракетаны атып түшүрүү үчүн учурулган Украина армиясынын ракеталары болгон.
Польшанын Тышкы иштер министрлиги окуя болору менен ракеталар Россияда чыгарылганын маалымдаса, президенти Анджей Дуда бул ракеталар кимге таандык экендиги тууралуу так маалымат жок экенин айткан. НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Анджей Дуда менен сүйлөшүп, бардык фактыларды аныктоо керектигин билдирген.
Өз кезегинде Россиянын Коргоо министрлиги Украина — Польша чек арасына жакын жерге ракета менен сокку урулбаганын билдирип, интернетте тарап жаткан ракета калдыктарынын сүрөттөрү Россияга тиешеси жок экенин белгилеген.
Ал эми АКШ президенти Жозеф Байден алдын ала алынган маалыматтар ракеталар Россиядан учурулган деген версияны четке кагарын айтып, шашылыш жыйынтык чыгарбай турууга чакырган.