Жапаров: Тажикстан менен чек ара көйгөйүн жаңы жылга чейин чечебиз

Жапаров документти колдоп берген депутаттарга ыраазычылык билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Тажикстан менен чек ара көйгөйүн жаңы жылга чейин бүтүрүп, парламентке алып келүү пландалып жатат. Бул тууралуу Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Бүгүн парламент кыргыз-өзбек чек арасын ратификациялоо долбоорун үч окуудан колдоп берди.
Жапаров документти колдоп берген депутаттарга ыраазычылык билдирди.
"Бул тарыхый ирмем. Өзбекстан менен чек ара маселесине чекит койдук. Кудай буюрса, Тажикстан менен чек ара тилкелерибизди бүтүрөбүз, тоскоолдуктар болбосо жаңы жылга чейин бүтүрүп сиздерге алып келебиз деп жатабыз. Биз коңшу өлкөлөр менен ынтымакта, түбөлүк достукта жашашыбыз керек, бир дагы ок атылбай, бир дагы жоокерибиз, бир дагы жараныбыз өлбөшү керек", — деди президент.
Жапаров чек ара маселеси такталып бүткөндөн кийин карта кеңейип жатканын, эми Тажикстан менен соңуна чыгаргандан кийин чыныгы бүтүн, коопсуз Кыргызстан болорун кошумчалады.
Гавасайдан алынчу 12,8 гектар аймак тоо-таштуу жерби? Ташиевдин жообу видеодо